​Убактылуу өкмөт мүчөлөрү жолугушту

  • 5 лет мурун

Убактылуу өкмөт мүчөлөрү жолугушуп, өлкөдөгү саясий абалды талкуулады.

Бул тууралуу жеке булактарына таянып, 24 kg агенттиги жазды.

Анда өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Азимбек Бекназаров, Кубатбек Байболов, Элмира Ибраимова, Болот Шер, Дүйшөнкул Чотонов катышты.

ЖМК айтымында, чогулгандар өлкөдөгү саясий абалды талкуулады. Акыркы жолу алар 2016-жылы жолугушкан.

Айта кетсек. убактылуу өкмөт 2010-жылдагы 7-апрель революциясынан кийин 2010-жылдын июль айына чейинки мөөнөткө түзүлгөн. Убактылуу өкмөт оппозиция бийликти алгандан кийин аткаруу бийлигинин функциясын аткарган.

2010-жылдын 19-майында Роза Отунбаева өткөөл мезгилдин президенти болуп шайланган. Ал 2011-жылдын 31-декабрына чейин президент болгон.

Архивдик сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты