​Абылгазиев Сауд өнүктүрүү фондунун өкүлү менен жолугушту

  • 5 лет мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директорунун кеңешчиси Юсуф бин Ибрагим Аль-Бассам менен жолугушту.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык кызматы билдирди.

Жолугушууда өкмөт башчы кол коюлган долбоорго ыраазылык айтты.

“Баткен жана Талас облустарындагы 61 айылды камтыган, суу менен камсыз кылуу жана санитарияны жакшыртуу боюнча долбоорго кол коюлгандыгына кубанычтабыз» деди.

Абылгазиев кыргыз тарап биргелешкен долбоорлор менен иштешүүгө даяр экенин жана мындан ары да кызматташуу ишенимин билдирди.

Сүрөт: өкмөттүн маалыматтык кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты