Каныбек Иманалиев: «Эбегейсиз сөз байлыгына ээбиз» (Видео)

Бүгүн, 10-сентябрда, Жогорку Кеӊештин жыйындар залында «Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил» аталышындагы илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Жогорку Кеӊештин депутаты Каныбек Иманалиев эне тилибиздин өзгөчөлүктөрү менен аны өнүктүрүүнүн өбөлгөлөрүнө токтолду.

Депутат Иманалиев окумуштуулардын иликтөөлөрүнө шилтеме жасап, кайсы тилде бир муундан турган сөздөр көп болсо ал байыркы тил болуп саналаарын айтты.

«Мындай бир муундан турган сөздөр кыргыз тилинде өтө арбын. Алар шумер доорунан бери 2500-3000 жыл мурун жаралган. Кыргыз тилинин сөздүгүн түзгөн К.Юдахиндин сөздүгүндө 81 миӊ сөз бар. Орус тилинин сөздүгү 57 миӊ сөздөн турат. Ар бир сөз- акылдын продукциясы, ой чабыттын кеӊдиги. Биз ушундай эбегейсиз сөз байлыгына ээбиз. Бир да түрк эли мындай сөз байлыгына ээ эмес. Маселен, кызыл түс кыргыз тилинде 27 сөз менен берилет. Ошону менен катар кыргыз тилинде 8 миӊдей фразеологиялык сөз бар. Европа тилдеринде фразеологиялык сөздөр жокко эсе».

Каныбек Иманалиев бүгүнкү күндө кыргыз тилин өнүктүрүүгө эч кандай саясый тоскоол жагдай жоктугун айтып, алдыбызда кыргыз тилин илимдин, интернеттин жана технологиянын тили кылуу милдети тургандыгын баса белгиледи.

Ошондой эле эл өкүлү азыркы учурда жаӊы муунга салабаттуу, адеми сүйлөп өрнөк болуучу бир да лидер жок болуп жаткандыгын, тиешелүү адистер кыргыз тилин окутуунун алгылыктуу методикасын иштеп чыкпагандыгын, көөнө сөздөрүбүз туура пайдаланылбай жаткандыгын кейиштүү абал катары баалады.

Кененирээк: Видеодо

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты