​Ташкентте алгачкы электробус жүрө баштады

  • 5 лет мурун

Сентябрдын башында Ташкентке алып келинген электробус 7-сентябрда биринчи жолу шаар көчөлөрүнө чыкты.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

«Тошшахартраншизмат» маалымдагандай, электробустун алгачкы жүргүнчүлөрү аталган компаниянын жетекчилери жана журналисттер болду.

Vitovt Electro E420 суперконденсаторлор базасында электр кубатынын запасын сактоо системасы менен жабдылган. 21-25 чакырымга чейин электр энергиясы менен жүрөт, 6-8 мүнөт ичинде дүрмөттөлөт. Электробуска орточо 90 жүргүнчү батат.

Vitovt Electro E420 автобусу белорусиялык “Белкоммунмаш” компаниясы тарабынан чыгарылган.

Электробус Ташкентке сыноо иретинде алынып келинген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты