​ЖЭБ боюнча сотто 11-сентябрга чейин тыныгуу болот

  • 5 лет мурун

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек жылуулук борборун модернизациялоо боюнча сот отурумунда 11-сентябрга чейин тыныгуу жарыяланды.

Бугүнкү отурумда күбө катары энергетика министрлигинин мурдагы кызматкери Марат Чолпонкулов суралды. Ал 2013-жылы долбоор боюнча иштегенин, анда жалпы маалыматтар берилгенин билдирди.

Андан кийин мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев суралды.

ЖЭБ модернизациясы боюнча мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, “Энергохолдинг” компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов, ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жана экс-финансы министри Ольга Лаврова айыпталууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты