​Каныбек Исаковдун талапкерлиги жактырылды

  • 5 лет мурун

Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим жана саламаттык сактоо комитети билим берүү жана илим министрлигине Каныбек Исаковдун талапкерлигин жактырды.

Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы маалымдады.

Каныбек Исаков Ош мамлекеттик университетинин ректору болуп иштейт.

Министрлик кызматка анын талапкерлигин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштаган.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева 4-сентябрда кызматтан бошотулган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты