​Нарындын Кеңеш айылында контейнерде окуган окуучулар башка имаратка көчүрүлөт

  • 5 лет мурун

Нарын облусунун Нарын районунун Кеңеш айылында контейнерден куралган жайда окуган окуучулар суук түшкөнчө башка имаратка көчүрүлүп, ал жактан окуусун улантат.

Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын Нарын облусуна жумуш сапары учурунда айтылды.

Имаратты билим берүү багытына өзгөртүү үчүн тиешелүү акча каражат каралды. Анда оңдоп-түздөө иштери жүрүүдө.

Жакын арада Кеңеш айылына жаңы мектеп куруу иштери башталат, анын долбоордук-сметалык документтери даяр.

Кеңеш айылындагы мектептин эки окуу корпусу бар, анын бирөө авариялык абалда, ал эми экинчисинде балдар билим алууда.

Кеңеш айылындагы окуучулардын контейнерде окуп жатышы коомчулукта чоң талкууну жаратып, 4-сентябрда билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева өзү берген арызынын негизинде кызматтан кеткен. Нарындын губернатору Аманбай Кайыпов отставкага кеткен.

Кийинчерээк өкмөт Кеңеште жаңы мектеп куруу пландалып жатканын билдирген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты