​Орусиянын бир катар аймактарында шайлоо өттү

  • 5 лет мурун

Жекшембиде Орусиянын бир катар аймактарында шайлоо өтүп, 19 субъектинин башчысы, 13 муниципалдык жана аймактык кеңештердин депутаттары шайланды.

Орус басылмаларынын маалыматына караганда, добуш берүү күнү Санкт-Петербургда бийлик талапкери Александр Бегловдун негизги атаандашы, Коммунисттер партиясынын талапкери Владимир Бортко шайлоого катышуудан баш тартты.

Хабаровск крайында былтыр ЛДПРдин талапкери губернатор болуп шайланса, аймактык кеңешти шайлоодо партия өзү алдыда келатат.

“Либералдык миссия» фондунун эксперттери шайлоо өнөктүгүндө саясий атаандаштык төмөн болгонун билдиришти.

Алар губернаторлук кызматка талапкерлерди каттоодон баш тарткан учурлар болуп көрбөгөндөй көп болгонун жана 2012-жылдан бери алгачкы жолу аймактык кеңештерге партиялык тизме боюнча катталгандар аз болгонун белгилешти.

Губернатордун милдетин аткарып жаткан алты адам шайлоого өз алдынча талапкер катары катышты. «Ведомости» басылмасы белгилегендей, бул үчүн мыйзамга атайын өзгөртүүлөр киргизилген. Москва шаардык думасына «Бирдиктүү Орусия» талапкер көрсөткөн жок, партия мүчөлөрү өз алдынча талапкер катары катышты.

8-сентябрда Алтай, Башкирия жана Калмыкия республикаларында, ошондой эле Забайкалье, Ставрополь, Астрахань, Вологод, Волгоград, Курган, Курск, Липецк, Мурманск, Оренбург, Сахалин, Челябинск облустарынын жана Санкт-Петербург шаарынын башчылары шайланды. Москванын тургундары 45 бир мандаттуу округдар боюнча шаардык кеңештин депутаттарын тандашты. Орусия тараптан аннексияланган Севастополдо шаардык парламент шайланды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты