​Бүгүн — комуз күнү

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 9-сентябрь, өлкөдө комуз күнү белгиленип жатат.

Кылымдардан көөнөрбөс мурас болуп келген комуз өнөрүн атайын белгилөө боюнча Президенттин жарлыгы 29-июлда кабыл алынган.

Саат 19:00 Молдобасанов атындагы улуттук консерваторияда “Кыргыз комузу жана комузчулук өнөрү” аттуу илимий-практикалык конференция болот.

Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Саат 12:30 да Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрынын жанында, Токтогул Сатылгановдун эстелигинин алдында иш-чара өтөт.

Филармониянын фойесинде “Комуз-улуттук сыймык” аттуу залкар комузчулар тууралуу көргөзмө уюштурулат.

Саат 18:00 дө Кыргыз улуттук филармониясында “Таңшы комуз” аттуу гала-концерт болот.

Мындан тышкары комузчулук өнөргө байланыштуу иш-чаралар Кыргызстандын бардык аймактарында өтөт.

29-июлда Президент Сооронбай Жээнбеков ар жылы 9-сентябрды комуз күнү катары белгилөө тууралуу жарлыкка кол койгон.

«Азыркы шартта комуздун жаңы маанисин ачуу керек, ал кыргызстандыктардын көп түрдүү маданиятындагы биримдиктин символу болууга тийиш» деп айтылат жарлыкта.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты