Аманкулов курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигине директор болду

  • 5 лет мурун

Мирслав Аманкулов курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигине директор болуп дайындалды.

Бул тууралуу буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 6-сентябрда кол койгонун өкмөттүн маалыматтык кызматы билдирди. Ал буга чейин иштеп келген маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы «Витязь» мамлекеттик ишканасынын директору кызматынан бошотулду.

Мирслав Аманкулов 1960-жылы 10-ноябрда туулган. «Ысык-Көл» биосфера аймагынын директору болгон.

Буга чейин агенттикти жетектеп келген Абдыкалык Рустамов жана анын жардамчысы Арслан Ибраев 30-июлда пара, 2 000 АКШ долларын алып жаткан учурда кармалган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Рустамовду жана анын жардамчысы Ибраевди эки айга камоо чечимин чыгарган.

Сүрөттө: Мирслав Аманкулов (ортодо). Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты