​Баш прокуратура: «7-апрель шейиттери» мечити текшерилген жок»

  • 5 лет мурун

Баш прокуратура социалдык түйүндөрдө «7-апрель шейиттери» мечити текшерүүгө алынып жатат деген пикирлерге жооп берди.

Башкы көзөмөл органы «7-апрель шейиттери мечити» укук коргоо же тергөө органдары тарабынан текшерүүгө алынбаганын билдирди.

«Мечиттин иштешине эч кандай чек коюлган эмес, Бул тууралуу социалдык түйүн колдонуучулардын өздөрү жана мечиттин имамы А. Нарматов да айтып чыккан» деп айтылат билдирүүдө.

Конституция жана мыйзамдарга ылайык биздин өлкөдө дин тутуу эркин, коомчулукту бул темада алып сатарлык кылып, козутпоону суранат деп өтүндү коомчулуктан баш прокуратура.

Баш прокуратура мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин иштерин Аскер сотунда иликтөөдө Бишкек шаарындагы 7-кичирайондогу «7-апрель шейиттери» мечитин Атамбаев курганы аныкталганын айткан.

Андагы Юнусалиев көчөсүндөгү 173/1 дарегинде жайгашкан 1 га жер «Форум» илимий-өндүрүштүк фирмасы ЖЧКсына катталган.

Мечит камакка алынбаганын жана анын ишмердиги кандайдыр бир чектөөгө алынбаганын билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты