​Таласта жер силкинди

  • 5 лет мурун

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кечээ, 5-сентябрда, саат 20:45те Талас облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Жер титирөө Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылында, Кара-Буура районунун Бакыян, Бейшеке айылдарында 3,5 балл, Бакай-Ата районунун Миң-Булак, Бакай-Ата айылдарында 3 балл, Талас шаарында жана Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Анда жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты