​Акыйкатчы: Контейнер мектеп имаратын алмаштыра албайт

  • 5 лет мурун

Акыйкатчы мекемесинин кызматкерлери айылдагы «мобилдүү мектепке» мониторинг жүргүзүшкөн.

Анда окуучулар 20 тонналык беш контейнерде билим алып, алтынчы контейнер мугалимдер бөлмөсү катары жабдылганы белгилүү болгон.

Бул тууралуу алардын сайтында жазылды

Алар тар болгондуктан башталгыч класстардын 15-16 гана окуучусу араң батат. Күн ысыкта үп болуп, аба жетишпей, күн суукта ичи муздайт.

«Балдарды контейнерде окутуу аргасыздан болгон аракет деп баалоого болот. Жогорудагыларга байланыштуу Акыйкатчынын аппараты өкмөт бул маселени токтоосуз чечип, Кеңеш айылында 200 окуучуга эсептелген типтүү, заманбап үлгүдөгү мектептин курулушун баштоо зарыл деп эсептейт»,деп айтылат маалыматта.

Кеңеш айылындагы Казалы Абиров атындагы мектептин негизги корпусу жараксыз абалга келгендиктен, 2019-жылдын 29-30-август күндөрү жыйырма тонналык алты контейнерди Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бөлүп берген.

Мектепте жалпысынан 21 мугалим иштейт, мунун ичинен 19у жогорку билимдүү, эки мугалим атайын орто билимдүү. Окуучулардын саны 150дөн ашат.

Кеңеш айылындагы окуучулардын контейнерде окуп жатышы коомчулукта чоң талкууну жаратып, 4-сентябрда билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева өзү берген арызынын негизинде кызматтан кеткен. Кийинчерээк өкмөт Кеңеште жаңы мектеп куруу пландалып жатканын билдрген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты