Аида Салянованын ишине байланыштуу соттук отурум жылдырылды

  • 5 лет мурун

Жогорку сотто мурдагы юстиция министри Аида Салянованын Алексей Елисеевге лицензия берүү ишине байланыштуу соттук жараян 24-сентябрга жылдырылды. Ага ишти караган соттук коллегиянын баяндамачысы келбей калганы себеп болду.

Аталган ишти сот жаңы кодекстерге негиздеп кайра карамак. 24-июлда башталган отурум 1-августка жылып, ал күнү да каралбай калган.

Салянова 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда «мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген негизде айыпталган.

Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы 10-октябрда аны беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Жазаны ал үчтөгү кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

2018-жылы 3-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Салянованы депутаттык мандаттан ажыраткан.

Мурдагы башкы прокурор, экс-депутат Аида Салянова өзүнө «саясий буюртма» менен кылмыш иши козголгонун айтып келет. Ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу 3-июлда камакка алынып, тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн 15-августта үй камагына чыккан.

15-августта Аида Салянова үй камагына чыгарылган.

Белгилүү криминалдык төбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу экс-баш прокурор Аида Салянова 4-июнда камакка алынган.

Ленин райондук соту кызмат абалынан пайдаланган деген айып коюп, үй-мүлкүн конфискациялоо менен Аида Салянованы 5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Анын 2 жашар кызы болгондуктан, өкүмдү аткаруу жазасы 12 жыл кийинкиге жылдырылган эле.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты