​Жээнбеков Өзбекстан элчиси Комил Рашидовду кабыл алды

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-сентябрда, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидовду өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аяктоосуна байланыштуу кабыл алды.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчы белгилегендей, кыргыз-өзбек кызматташтыгы жогорку деңгээлде, стратегиялык өнөктөштүк орнотулду, ынак кошуналык мамилелер бекемделип, өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү көбөйүүдө, биргелешкен ишканалар түзүлүп, чекара кызматташтыгы өнүгүп жатат.

Ал Комил Рашидовго эки тараптуу өз ара аракеттерди бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жээнбеков Рашидовду премьер-министрдин кеңешчиси — чет өлкөлөрдө иштеген Өзбекстан жарандарына колдоо көрсөтүү маселеси боюнча департамент башчысы кызматына дайындалышы менен куттуктады.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты