ИИМ: Батукаевдин бошотулушу боюнча шектүүлөргө айыбы угузулуп жатат

  • 5 лет мурун

Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы тарабынан криминалдык төбөл А. Батукаевди камактан мыйзамсыз бошотууга байланышкан сотко чейинки өндүрүш аяктады.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

-Кылмышка шектүү бардык фигуранттарга айыптары угузулуп, алар коюлган айыптар менен тааныштырылууда.

Андан соң жакын арада сотко чейинки өндүрүштө тергелип аяктаган кылмыш иши Башкы прокуратура аркылуу сот органдарына жиберилет,- деп билдирди ИИМ.

Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы баш прокурор Аида Салянова, мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов, Нарын шаарынын мурдагы прокурору, мурдагы соту, Жаза аткаруу кызматынын мурдагы жетекчиси Зарылбек Рысалиев, Саламаттык сактоо мурдагы министри Динара Сагынбаева, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин экс-төрагасы Бусурманкул Табалдиевге, врачтарга ж.б. айыбы угузулат.

Мурдагы вице-премьер Шамил Атаханов кармалып, баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн.

Ушул эле иш боюнча лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылган.

Саламаттык сактоо экс-министри Динара Сагынбаева кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган.

Зарылбек Рысалиевдин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынган.

Мурдагы прокурор Майрамбек Акматалиев кармалып, үй камагына чыгарылган.

Мурдагы Баш прокурор Аида Салянованын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, 15-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган. .

Кримтөбөл Батукаевдин бошотулушу боюнча камалган онколог Эмил Макимбетов үй камагына чыгарылган.

Нарын шаардык сотунун мурдагы соту Жапар Эрматов ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилип, суракка алынган. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан 22-июнда Эрматовду эки айга, 22-августка чейин тергөө абагына камакка алуу чечими чыгарылган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыяланды.

«Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаев Чүйдүн Аламүдүн районунун сотунун өкүмү менен оор кылмыштар боюнча 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган. 2013-жылы рак дарты менен ооругандыгына байланыштуу деген жүйө менен абактан биротоло бошотулган.

2019-жылы январь айында Батукаевдин иши кайра карала баштаган. Аны негизсиз бошотууга катыштыгы бар кызмат адамдары жогоруда белгилегендей, жоопкерчиликке тартыла баштаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты