​Депутат Зулпукаров: «Сауд фонду 27 мектептин курулушуна 30 млн доллар бөлгөн, ошол акча ушул кезге чейин иштетилген жок»

  • 5 лет мурун

Нарын районуна караштуу Кеӊеш айылындагы контейнер-мектептин ачылышы социалдык түйүндө катуу талкуу жаратып, Өкмөттүн дарегине ачуу сындар айтылды.

Кеӊеш айылындагы авариялык абалдагы мектептин ордуна жаӊы имарат куруу боюнча кандай чаралар көрүлүп жатат? Депутат Төрөбай Зулпукаров жыйын жүрүшүндө Өкмөттүн Жогорку Кеӊештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытовго ушундай собол салды.

«2016-жылы Сауд өнүктүрүү фонду 27 мектептин курулушуна 30 млн доллар бөлгөн. Ага Жогорку Кеӊеш макулдугун берген болчу. Ошол акча ушул кезге чейин иштетилген жок. Өкмөт бул маселеге көӊүл буруп, мектептерди кура башташы керек», — деп кошумчалады ал.

Ал эми депутат Алтынбек Жунус уулу өлкө аймагында авариялык абалдагы мектептер көп экенин, ошондой эле үч кезекте окуткан мектептер да бар экенин баса белгиледи. «Мен шайлоочулар менен жолугушканда мындай маселе көп көтөрүлөт. Мектептин имараты жараксыз болсо, ал көйгөйдү чечиш керек да. Ошондуктан, контейнер болсо дагы балдардын убактылуу окутулуп жатканын колдойм», — деп кошумчалады ал.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты