​Сот Атамбаевдин адвокаттарынын эки арызын тең канаттандырган жок (Видео)

Бишкек шаардык соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаттарынын аны кармоо жана камакка алуу мыйхамсыз экендиги тууралуу арызын карап, аны четке какты.

Бул тууралуу Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев билдирди.

Сот отурумунун биринчиси 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуядагы тергөөчүнүн мыйзамсыз аракеттери тууралуу адвокаттардын арызы.

Экинчиси- Биринчи май райондук сотунун Алмазбек Атамбаевди УКМК камак жайында камоону 26-октябрга чейин узартуусуна даттануу.

Сот эки арызды тең канттандрган жок. Тергөө Атамбаевди кармоо эмес, мажбурлап алып келинди эсептейт.

Адвокат кылмыш-жазык ченемдерин бузуп, сотту жабык өткөргөнүн белгиледи.

«Атамбаевдин 26-октябрга чейин камалганына байланыштуу биздин жүйөбүз сотто дегеле эсепке алынган жок. Жооп да берилген эок, Сот арыз канаттандырылган жок» деп гана айтып койду» деди адвокат.

Бүгүн, 4-сентябрда, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ишине байланыштуу Бишкек шаардык сотунда эки сот отурум болду.

Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев «эки сот отурумуна тең мурдагы президент Атамбаев катышышы керек. Сот отуруму Бишкек шаардык сотунда өтүш керек. Бирок соттор Улуттук коопсуздук комитетинин имаратында да өткөрүп коюшу ыктымал» деген. Айткандай сот УКМК имаратында болду.

Алмазбек Атамбаев сотко баргандарга Улуттук коопсуздук комитетинин имаратынын терезесинен кол булгалады (Видео).

13-августта Атамбаевге: бийлик өкүлүн коркутуу, массалык баш аламандык, киши өлтүрүү, кылмышка аракеттенүү, барымтага алуу, куралдуу ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча айып тагылган.

Ага чейин Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча коррупцияга шектелип жаткан.

7-августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан Атамбаевди кармоо аракети боюнча атайын операция учурунда жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны 136 кишиге жетти. Атайын отряддын бир жоокери каза тапты. 6 атайын жоокер барымтага алынды.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган.

Мурдагы президент Атамбаев 26-октябрга чейин камакта болот.

Видео: «Апрель» телеканалы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты