Курсан Асанов үч кылмыш иши боюнча сурак берип жатат

  • 5 лет мурун

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов үч кылмыш иши боюнча сурак берип жатат.

Бул маалыматты адвокат Таалайгүл Токтакунова ырастады.

Анын айтымында, үч иш тең Жазык кодексинин 320-беренеси, «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» негизинде козголгон. Анын экөө боюнча Асанов күбө катары суралууда. Ишти Аскер прокуратурасы тергеп жатат.

«Мыйзам боюнча ушул берененин негизинде иш козголгону менен кайсы факты экени көрсөтүлүшү керек. Бирок конкреттүү факты көрсөтүлгөн эмес. Ар кандай суроолорду берип жатышат, ошондуктан кайсы факты экенин билбейбиз», — деди адвокат.

13-августта ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен кызматтан бошотулган

ИИМдин басма сөз кызматы кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен Курсан Асанов милициянын кызыкчылыгын саткандыгы жана ага карата ишенимден кеткендиги аныкталгандыгы үчүн ИИМдин орун басарлык кызматынан бошотуу тууралуу сунуш берилгендигин билдирген.

Ал эми министрдин мурдагы орун басары өзүнүн кызматтык милдетин аткарганын айтып келет.

Курсан Асанов 13-октябрга чейин үй камагында болот.

Буга чейин Биринчи май райсоту Асановдун айдоочусу жана жансакчысы Дамирбек Пайзылла уулун 23- октябрга чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алган.

Курсан Асановдун адвокаты Икрамидин Айткулов 22-августта алдамчылык боюнча шектелип камакка алынып, кийинчерээк 21-октябрга чейин үй камагында калтыруу чечими чыккан.

Ал кездеги Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов 7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда министрдин талаптарын жана көрсөтмөсүн укпай, өз алдынча чечим чыгарган деп айыпталган.

Ошондой эле ал кылмыш — жазык мыйзамдарын бузуп, далилдерди, буюмдарды тергөөдөн жашыргандыгы да белгиленген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты