​Экс-мэрлер Кулматов менен Ибраимовдун камактагы мөөнөтү узартылды

  • 5 лет мурун

Сот Бишкек шаарынын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун камактагы мөөнөтүн узартуу чечимин кабыл алды.

Ленин райондук сотунда Бишкек шаарынын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун соту уланууда.

Сот Бишкек шаарынын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун камактагы мөөнөтүн 6-ноябрга чейин узартуу чечимин кабыл алды.

Кубанычбек Кулматов Калыс-Ордодогу мектепти курууда коррупцияга жол бергендиги боюнча айыпталууда.

Албек Ибраимов «Дастан» компаниясын жетектеген учурда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алгандыгы, Ысык-Көлдөгү «Солнечный берег» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтиргендиги жана жер бөлүүгө тиешеси бар экендигине шектелип жатат.

Бул иштер боюнча бардыгы 14 киши сурак берүүдө

Сүрөт: Интернет булактарынан. .

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты