Кеңеш айылында контейнерден куралган жайда окугандар үчүн жаңы мектеп курулат

  • 5 лет мурун

Нарын районунун Кеңеш айылында контейнерден куралган жайда окугандар үчүн жакын арада жаңы мектеп курулат.

Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Кеңеш айылындагы мектеп авариялык абалда болуп, окуу үзгүлтүккө учуратпаш үчүн мобилдик үйлөргө окутула баштаган.

— 2-сентябрда Нарын районунун акими Семетей Черикбаевдин убактылуу мектептин ачылыш салтанатына барганы боюнча коомчулукта айтылып жаткан сын-пикирди, албетте, туура кабыл алабыз. Райондук администрация жетекчиси мектепке байланыштуу түзүлгөн кырдаалды түшүндүрүү максатында барган, — деди өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева.

Социалдык тармактарда Кеңеш айылындагы контейнерде билим алып жаткан окуучулар маселеси талкууланып жатат. Айрымдар мектепти ашар ыкмасы менен курууну сунуштоодо.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты