​Алмазбек Атамбаевдин ишине байланыштуу эки сот отуруму болот

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 4-сентябрда, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ишине байланыштуу Бишкек шаардык сотунда эки сот отуруму болот.

Бул тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев билдирди.

Сот отурумунун биринчиси 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуядагы тергөөчүнүн мыйзамсыз аракеттери тууралуу адвокаттардын арызы.

Экинчиси- Биринчи май райондук сотунун Алмазбек Атамбаевди УКМК камак жайында камоону 26-октябрга чейин узартуусуна даттануу.

Жоошевдин айтымында, эки сот отурумуна тең мурдагы президент Атамбаевдин катышышы керек. Сот отуруму Бишкек шаардык сотунда өтүш керек. Бирок соттор Улуттук коопсуздук комитетинин имаратында да өткөрүп коюшу ыктымал.

Алмазбек Атамбаевге бир катар оор кылмыштар боюнча айып тагылууда.

Мурдагы президент 26-октябрга чейин УКМКнын абак жайында камакта болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты