​Билим берүү жана илим министрлигинин жооптуу кызматкерлери китеп сатыл алууда мыйзам бузган

  • 5 лет мурун

Билим берүү жана илим министрлигинин жооптуу кызматкерлери мектептердин 1-2-класстарына “Математика” китебин сатып алууда мыйзам бузганын Баш прокуратура билдирди.

-Текшерүүдө аныкталгандай, М. Моронун авторлугу алдындагы 1-класстын «Математика» жана 2-класстын «Математика» китептерин жана ага методикалык көрсөтмөлөрдү сатып алууда конкурс жарыялоодо Билим берүү жана илим министрлигинин жооптуу кызматкерлери конкурска катышуучулардын санын чектеп, товар берүүчүлөрпгө бирдей, акыйкат шарт түзүп берген эмес. Китептер 90 млн 969 миң 969 сомго сатып алууга эсептелген.

Китеп сатып алууда конкреттүү автордун, М. Моронун аты аталып, мыйзам бузулган. Ал эми ал китепти бир гана коммерциялык структура алып келе ала турганы министрликтегилерге алдын-ала белгилүү болгон, — деп билдирди Баш прокуратура.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты