Гемодиализ кызматын уюштуруу тартиби бекитилди

  • 5 лет мурун

Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаган бейтаптар үчүн Өкмөт гемодиализ кызматын уюштуруу жана аны жүзөгө ашыруунун тартибин бекитти. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, жабыркаган бейтаптар бирдей шарттарда кошумча төлөмсүз гемодиализ кызматын алышат. Алар бюджеттик жана жеңилдетилген категорияларга бөлүнбөйт.

Бейтаптарга гемодиализ кызматын көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмун жеке менчик түрүнө жана жайгашкан жерине карабастан эркин тандоо укугу берилет.

Арыз менен документтердин негизинде бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаган бейтаптардын электрондук тизмеси түзүлүп, «Бирдиктүү реестрге» киргизилет.

Бул дартка чалдыккандардын тизмесин бекитүү туруктуу түрдө атайын комиссия тарабынан жүргүзүлмөкчү.

Гемодиализ кызматы дарттын оордугуна ылайык жумасына 3 сеанс жана айына 12 сеанстан ашык эмес жолу көрсөтүлөт.

Гемодиализ кызматы үчүн төлөм тиешелүү келишимдин негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду бейтаптарга гемодиализ кызматын көрсөтүү үчүн бирдиктүү төлөөчү болуп саналат.

Бейтаптар үчүн мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдары үчүн гемодиализдин бир сеансынын төлөм ченеми 2020-жылдын 1-январынан баштап колдонулат.

Гемодиализ кызматы тийиштүү лицензиясы бар мамлекеттик жана жеке менчик саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты