​Атамбаев «7-апрель шейиттери» мечитин кайсы каражатка салганы иликтенүүдө

  • 5 лет мурун

Аскер прокуратурасы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин иштерин иликтөөнү улантып жатат.

Бул тууралуу Баш прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

-Иликтөө учурунда «7-апрель шейиттери» мечити Алмазбек Атамбаев тарабынан курулганы аныкталды.

Мечит 1га жерди ээлейт, ал Бишкектин Юнусалиев көчөсүндөгү д.173/1 дарегинде. Ал жер иш жүзүндө Атамбаевге таандык «Форум» илимий-өндүрүштүк бирикме ЖЧКсына катталган.

Ал мүлк камакка алынган.

Атамбаев мечитти кайсы каражатка салгандыгы иликтенүүдө, -деди Баш прокуратура.

4-апрелде мечиттин ачылыш аземи болгон.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге козголгон кылмыш иштерин тергөөнүн алкагында анын мүлкү, баалуу кагаздары, акциялары, Кыргызстандын банктарындагы эсептери камакка алынган.

Алмазбек Атамбаевге бир катар оор кылмыштар боюнча айып тагылууда.

Мурдагы президент Атамбаев 26-октябрга чейин УКМКнын абак жайында камакта болот.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты