​Кыргыз-тажик чек арасында ок жаңырды

  • 5 лет мурун

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды.

Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, тажик чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок аткан.

«Баткен облусунун Баткен районунун Аксай айылынан алыс эмес жерде Кыргызстандын жарандары Аксай дайрасынын бир жак жээгинде (Кыргызстандын аймагы) шагыл жүктөп жатышкан.

Бул учурда дайранын экинчи жак жээгинен (Тажикстандын аймагы) Тажикстандын чек арачылары келип, эскертүү иретинде асманга үч ирет ок атышты» деп айтылат билдирүүдө.

Чек ара кызматы жабыркагандар жок экендигин кошумчалады.

Ок чыгаруунун себебин аныктоо үчүн эки тараптын чек арачылары жолугушту.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты