«Бишкек-Кант-Токмок» магистралдык газ өткөргүч жана «Токмок» газ бөлүштүргүч станция ишке кирди

  • 5 лет мурун

«Газпром Кыргызстан» компаниясы белгилегендей, «Бишкек-Кант-Токмок» магистралдык газ өткөргүч жана «Токмок» газ бөлүштүрүүчү станциясын ишке киргизүү Токмок жана Канттын керектөөчүлөрүн газ менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга шарт түзөт.

Ошондой эле Ысык-Көл жана Нарын облустарына газ жеткирүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-сентябрда, «Газпром Кыргызстан» компаниясынын башкы кеңсесине барды.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Онлайн режимде видео-көпүрө аркылуу мамлекет башчы «Бишкек-Кант-Токмок» магистралдык газ өткөргүч жана «Токмок» газ бөлүштүрүүчү станциясын ишке киргизүүгө катышты.

Жээнбеков «Газпром» компаниясынын өлкө экономикасын өнүктүрүүгө жана энергетикалык коопсуздугун бекемдөөгө кошкон салымын белгиледи.

«Газпром» компаниясы Кыргызстанда иштей баштагандан тартып, ал өзүнө алган милдеттенмелерин толук өлчөмдө аткарып жатат. Ата мекендик газ тармагына 25 млрд сом салынды” деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

2014-жылы газ менен камсыздоо 22 пайызды түзсө, 2018-жылдын акырына карата бул көрсөткүч 30 пайызга жетти.

40 миңден ашык үй чарбалары газ менен камсыз болушту.

“2030-жылга чейин өлкөнүн 60 пайызын же 400 калк жашаган пунктту газ менен камсыз кылуу болжолдонууда” деп баса белгиледи мамлекет башчы.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты