​Бүгүн — унаа, турак-жай жана жер салыгын төлөөнүн акыркы күнү

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 2-сентябрда, унаа, турак-жай жана батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган), ошондой эле, жер (короо-жай, короо жай алдындагы жана бак-чарба жер участоктору) салыктарын төлөө мөөнөтү аяктайт.

Ушуга байланыштуу, салык кызматы унаа, турак-жай, батир жана жер салыктарын төлөөгө жетишпей калган жарандарды бүгүн кечкиге чейин салыктардын эсептелген суммасын төлөөгө чакырат.

Салыкты банк мекемелеринин кассаларынан, төлөм терминалдары, мобилдик жана интернет банкинг, мобилдик капчык аркылуу төлөөгө болот.

Салыкты өз убагында төлөбөгөн учурда, жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга – 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат. Мындан тышкары, салык төлөө мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн туум эсептелмекчи.

Кеңири маалыматты 1240 телефон номуру же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты