​Экс-депутат Ширин Айтматова “Үмүт 2020” кыймылын түздү (Видео)

Экс-депутат Ширин Айтматова кийинки парламентке элди жана мамлекетти ойлогон кесипкөйлөр келиши үчүн “Үмүт 2020” кыймылын түзгөндүгүн Ютуб каналы аркылуу элге кайрылуусунда билдирди.

«Мамлекетибизди түптөгөн аталарыбыз заманбап, өнүккөн, демократиялык мамлекетти куруу маселесин коюшкан. Бирок эгемендиктин 28 жылында мамлекетибиз дүйнөнүн эң жакыр мамлекеттинин деңгээлине түштү. Эгемендикти алган күндөн баштап бизди үй-бүлөлүк-кландык режимдин улам бири кезек-кезеги менен тоноп келе жатат» деди ал.

Биздин кыргызстандыктар чет өлкөлөрдө эң оор турмуш кечирип жаткандыгын белгиледи.

Өлкөдө системалык коорупция өкүм сүрдү. Алкымы бузук аткаминерлер орточо айлык менен хан сарайларды биринин артынан экинчисин куруп, чет өлкөдөн мүлк сатып алууда, алардын балдары чет өлкөлөрдө кымбат окуу жайларда окуп, өздөрү болсо мыкты курорттордо эс алышат.

«Алар элдин акчасын, бизден уурдап алган акчаны төлөп жатат.

Биздин парламент элге каршы, саткын парламент болуп калды. Андагы бир депутат тыңгылыктуу окуй албайт, экинчиси коомдук транспортко түшкөндөн уялат, үчүнчүсү өлкөдө 9 миң сом айлык алгандар бар дегенге ишенбейт.

Биздин аткаруу бийлигинде жеке шоопурлар, жан сакчылар, чарбалык иш башчылар кызматта отурат. Жетекчилик кызматка туугандарын жана досторун дайындайт. Ушулардын баары элдин байлыгын талап-тоноп жатат» деди Айтматова.

«Эки революция болгонуна карабастан, бийлик элге таандык эмес. Бийлик олигархтарга, аткаминерлерге жана уюшкан кылмыштуу топко таандык. Мамлекетти элге кайтарыш керек» деди Айтматова.

Өлкөдөгү көптөгөн көйгөй – парламент болуп жаткандыгын белгилеп, «Үмүт-2020» элдик кыймылын түзүп, анда ууруларды, коррупционерлерди, мандатын жеке кызыкчылыгына жумшаган депутаттарды ашкерелеп, өлкөнү өнүктүрүүнүн жолун сунуштоого белсенди.

«Кийинки парламентке элди жана мамлекетти ойлогон кесипкөйлөр келиши үчүн бардык аракетти көрөбүз» деди Ширин Айтматова.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты