Эркин Асрандиев: «Баарыңарды мүшкүлгө салганыма бушайман болуп жатам» (Видео)

Ысык-Көлдү сүзүп өтөм деп, катуу штормго кабылган, куткаруучулар жана коомчулук издеп, сегиз сааттан кийин табылган Эркин Асрандиев элге-журтка, куткаруучуларга, жергиликтүү бийликке ыраазылыгын билдирди.

«Кымбаттуу досторум, кесиптештерим, туугандарым жана жакындарым, мени колдогондордун баарына жардамыңар жана колдооңор үчүн рахмат айтам!

Куткаруучуларга, жергиликтүү бийлик органдарына оперативдүүлүгү жана кесипкөйлүгү үчүн ыраазылык билдирем! Айрыкча Ысык-Көл районунун акими Данияр Иманалиевге, райондук прокурор Улукбек Узакбаевге, катер айдоочу Кенжебек Шамытаевге.

Ушундай учурларда биздикилер баарына даяр болуп жана керек учурда бат эле чогула кала турганына ынанасың.

Мен жана менин командам аман-эсенбиз, ден соолугубуз, баары — жайында.

Сүзүүдө жана сүзгөндөрдү коштоп жүрүүдө биздин тажрыйбабыз бар, баарын даярдаганбыз: коштоп жүргөн эки кайык, куткаруучу жилеттер, буя, кол чырак жана тамак-ашыбыз белен болчу.

Биз бир гана аба ырайын болжой албай калдык. Көрсө мындай шторм оңой жоо эмес экен.

Жолдун жарымында саат 17:30 да шторм болуп, толкун 2-3 метрге көтөрүлүп жатты. Биз бири-бирибизди жоготуп алдык. Көрсө кайык оодарылып кетиптир.

Экинчи мотор кайыгы штормдон жарым саат мурда кошумча тамак алып келиш үчүн жээкке кетип, кайра келе жатканда эки жолу оодарылып, жете албай калыптыр.

Кудайга шүгүр, баары жакшы аяктады. Мени коштогон баланы алты сааттан кийин аман-эсен табышты.

Мен сегиз сааттан кийин жээкке чыгып, мени куткаруучулар сактап калышты.

Ичимде бушайман болуп турам, ушунча элди убара кылып, мүшкүл салганыма.

Баарыңыздарга колдоо, жакшы мамиле, жылуу сөзүңөр үчүн ыраазылыгымды билдирем.

Сиздердин баарыңыздарды кудайым сактасын! — деди Эркин Асрандиев фейсбук баракчасы аркылуу.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 31-августта 1976-жылы туулган Эркин Асрандиев Чырпыкты айылынан Тоң районунун Кара-Талаа айылын көздөй көлдү сүзүп өтүү үчүн сүзүп баратып, дайынсыз болгон.

Издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 17 куткаруучу, “Мөлтүр” кемеси, жана “Москва” кемеси, 1 катер тартылып, саат 02:10 чамасында дайынсыз болгон киши аман эсен табылган. Ал Тоң районунун Шор-Булак айылынын тушунда көлдө сүзүп келе жаткан, -деди ӨКМ.

Эркин Асрандиев Кыргыз-Орус—өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы болуп иштейт.

Видео: НТС.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты