Текебаев айылына барып, апасына жолукту (Видео)

«Ата Мекен» партиясынын үй камагына чыгарылган лидери Өмүрбек Текебаев туулуп-өскөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Акман айылына барып, апасы, туугандары жана айылдаштары менен жолугушту.

29-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновду үй камагына чыгарып, сот залынан бошотту.

21-августта Жогорку сот жаны ачылган жагдайларга байланыштуу кылмыш ишин кайра кароого жиберген.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылдын башында орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Видео жана сүрөт: «Жалбырак ТВ»

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты