​Өзбекстанда салттуу музыка сынагында Кыргызстан биринчи орунду ээледи

  • 5 лет мурун

Белгилүү жаш таланттар Эламан жана Айбек Каныбековдор Өзбекстандын Кыргызстандын атынан барып, биринчи орунду ээлешти.

Бул тууралуу Эламан Каныбеков редакцияга маалымдады.

Сынак Өзбекстанда эки жылда бир өтөт. Бул жолу сынакка 80ден ашуун мамлекеттен 300дөн ашуун улуттук салтуу музыканын алып жүрүүчүлөрү катышкан.

Кыргызстандык жеңүүчүлөр К. Орозовдун “Жаш кербез”, Н. Абдрахмановдун “Мезгил жаңырыгы”, А. Огомбаевдин “Ак- Тамак – Көк тамак” жана Н. Борошевдин “Кара өзгөй” күүлөрүн жогорку чеберчилик менен аткарып, калыстар тобун жана көрүүчүлөрдү таң калдырган.

Эл аралык сынактын калыстар тобуна мүчөлүлүккө Кыргызстандын атынан Кыргыз эл артисти Роза Аманова да кирген.

Эламан жана Айбек Каныбековдор Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы К. Молдобасанов атындыгы Кыргыз Улуттук консерваториясынан жана М. Абдраев атындыгы музыкалык окуу жайдан биилм алышкан.

Учурда Эламан Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын “Камбаркан” этнографиялык ансамблинде, ал эми Айбек К. Орозов атындыгы ансамблинде эмгектенишет. Ошондой эле Эламан М. Абдарев атындыгы музыкалык окуу жайда сабак берип келет.

Эске салсак, аталган эл аралык сынакка Өзбекстандан президенти Ш. Мирзиеевдун катышуусу менен өткөн. Жеңүүчүлөр беш миң доллар акчалай сыйлык жана диплом менен сыйланышты.

Сыйлык кут болсун Эламан жана Айбек Каныбековдор!

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты