​VI чакырылыштагы Жогорку Кеңеш кезектеги сессиясын баштады

  • 5 лет мурун

VI чакырылыштагы Жогорку Кеңеш кезектеги сессиясын баштады

Бүгүн, 2-сентябрда, VI чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин жетинчи сессиясынын ачылыш аземи болду.

Төрага Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясынын башталышы менен кесиптештерин куттуктады.

Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө мыйзамдын 44-беренесине ылайык, бүгүн-эртеӊ Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин жыйындары башталат.

КР Конституциясынын 77-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамдын 34-беренесине ылайык, парламенттин сессиясы сентябрь айынын биринчи жумушчу күнүнөн башталып, кийинки жылдын июнь айынын акыркы жумушчу күнүнө чейин уланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты