Аймактардан бизнес долбоорлор тандалды

  • 5 лет мурун

Мухаммедкалый Абылгазиев сынак комиссиясы тарабынан тандалган инвестициялык бизнес-долбоорлорду, инфратүзүмдүк долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларын талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматык кызматы билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, 2019-жылы аймактарды өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен каралган 2 млрд сом өлчөмүндөгү каражаттарды натыйжалуу пайдалануу зарыл.

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору Шумкарбек Адилбек уулу сынак комиссиясы аткарган иштер тууралуу айтып берди.

Келип түшкөн 137 долбоордун ичинен 4 долбоор тандалды: Талас облусундагы кызыл жана боз гранитти иштеткен ишкана, Баткен облусундагы органикалык кургатылган өрүктү өндүрүүчү ишкана, Интернет-провайдер, Жалал-Абад облусундагы металлургия кремнийин чыгара турган ишкана.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты