​Казакстан Президентинин Кыргызстанга сапары күтүлүүдө

  • 5 лет мурун

Күзүндө Казакстан президенти КасымЖомарт Токаев мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келери күтүлүүдө. Сапардын так датасы айтыла элек.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков менен өлкөдө дипломатиялык миссиясын аяктаган Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Карим Кокрекбаев мамлекеттик сапардын деталдарын талкуулашты.

Карим Кокрекбаев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси болуп 2018-жылы февралда дайындалган. Ага чейин дипломатиялык кызматты Айымдос Бозжигитов жетектеген.

Бишкек менен Нур-Султан Кокрекбаевдин дипломатиялык миссиясынын эмне себептен тез аяктаганына түшүндүрмө бере элек.

Сооронбай Жээнбеков 28-майда Казакстанга сапарында Президент Касым-Жомарт Токаев менен жолугушуп, аны Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты