Бабанов бир катар иштер боюнча финполицияга сурак берүүдө

  • 5 лет мурун

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов бир катар кылмыш иштерине байланыштуу суралып жатканын ырастады.

Бирок бул боюнча «Азаттыкка» комментарий берген мекеменин басма сөз катчысы Анастасия Пискур алар кайсы иштер экенин ачык айткан жок.

Өмүрбек Бабанов 29-августта Финансы полициясына кезектеги суракка кирип чыккандан кийин, азыркы тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) ага байланыштуу төрт иш, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта (Финансы полициясы) дагы төрт иш иликтенип жатканын айткан. Тергөөнүн сырын ачыкка чыгарбоо боюнча кол коюп бергенин жүйө кылып, ал иштерди ачыктаган эмес.

Өмүрбек Бабанов 20-августта жана 23-августта УКМКга суракка чакырылган.

Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоодо ат салышып, Сооронбай Жээнбековго утулуп калган. Президенттик шайлоодон кийин Орусияга чыгып кеткен. Ал 9-августта Москвадан Бишкекке учуп келген.

2017-жылы 4-ноябрда «анын шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде Башкы прокуратура иш козгоп, материалдарды УКМКга өткөрүп берген.

Ошондой эле ага карата «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен да иш козголгону кабарланган.

Ал эми Финансы полициясында «Кыргызстан» коммерциялык банкына байланыштуу быйыл апрелде жанданган кылмыш иштери боюнча күбө катары суралууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты