Өмүрбек Текебаев: «Азырынча депутаттык мандатты кайтаруу негизги максатым эмес»

  • 5 лет мурун

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыккан «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев азырынча ал үчүн депутаттык мандатты кайтаруу негизги максат эмес экенин билдирди.

«Мандат азыр менин планымда жок. Бул маселени актоо өкүмү чыккандан кийин саясий кеңеш менен карап көрөбүз. Учурда негизги максатым юридикалык жана саясий жактан реабилитация болуу», — деп билдирди Текебаев.

29-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун бөгөт чарасын караган. Натыйжада саясатчылар үй камагына чыгарылып, сот залынан бошотулду.

Аларды «Ата Мекен» партиясынын кеңсесинен саясатчылар, партия мүчөлөрү, тарапташтары тосуп алышты.

21-августта Жогорку сот жаны ачылган жагдайларга байланыштуу кылмыш ишин кайра кароого жиберген.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылдын башында орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты