Нарында жер силкинди
- 5 лет мурун
Бүгүн, 29-августта, саат 07:49да Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кочкор районунун Чолпон, Туз, Ак-Чий айылдарында 3,5 балл, Көк-Жар, Ак-Жар, Кум-Дөбө, Орток, Комсомол айылдарында 3 балл жана Кочкор, Дөң-Алыш, Арсы айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Муну бөлүшүү