​Жээнбеков Атамбаевди Баатырлыкка көрсөткөн жарлыкты жокко чыгарабы же…

Бүгүн, 31-августта, Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик ишмерлер Султан Ибраимов менен Төрөбай Кулатовго «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамын ыйгарып, көпчүлүктүн көптөн берки мүдөө-талабын аткарып, кыргызга эмгеги сиңген адамдардын эмгегин баалады. Жаңы жарлык чыккандан улам кайрадан эле бир жагдай эске түшөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 24-ноябрында президенттик кызматка киришүү инаугурациясында “Биринчи жарлык менен сизди, Алмазбек Шаршенович, Кыргыз Республикасынан Баатыры жана “Ак шумкар” белгиси менен сыйлайм” деп айтканы бар эле.

Аны аткарып, 2017-жылдын 27-ноябрында Алмазбек Атамбаевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» жана Ак шумкар белгиси менен сыйлоо тууралуу алгачкы жарлык да чыгарган. Бирок ошол жарлыкта айтылган сыйлык тапшырылган жок.

Депутат Ирина Карамушкина бул маселени Жогорку Кеңештин трибунасынан да көтөргөн. Албетте, сыйлыкты тапшырбай коюунун себептери белгилүү. Саясий кырдаал, өлкөдөгү абал, саясатчылар арасындагы өз ара мамиле өзгөрдү. Андан бери Алмазбек Атамбаевдин экс-президенттик статусу алынды. Өзгөчө оор кылмыштарга шектелип, камакка алынды.

Бирок мамлекеттик маселеде, иштердин өз ырааты бар эмеспи. Же ал жарлык жокко чыгарылыш керек, же аткарылыш керек. Бул жагы кандай болуп калат?

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты