Султан Ибраимовго (каза болгондон кийин) “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамы ыйгарылды

  • 5 лет мурун

Султан Ибраимовго (каза болгондон кийин) “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды.

Бул тууралуу жарлыкка Сооронбай Жээнбеков кол койгонун Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жарлыкка ылайык, мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги, ошондой эле Мекенге берилип кызмат өтөгөндүгү үчүн советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Султан Ибраимовго «Ак-Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды (каза болгондон кийин).

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты