Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши бүгүн кайра каралат

  • 5 лет мурун

Мурда маалымдалгандай, Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев менен Өзгөчө кырдаалдар мурдагы министри Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш иши бүгүн, 29-августта, саат 14:00 дө Биринчи май райондук сотунда кайра каралат.

21-августта Жогорку сот жаны ачылган жагдайларга байланыштуу кылмыш ишин кайра кароого жиберген.

29-августта Текебаев менен Чотоновдун бөгөт чарасын өзгөртүү маселесин кароо менен сот иши башталат.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылдын башында орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты