​Жалал-Абад мэри агасын кызматка дайындады

  • 5 лет мурун

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев бир тууган агасы Абдималик Тагаевди шаар мэриясына караштуу жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин башчылыгына дайындады.

Бул маалыматты мэрияга караштуу маалымат борбору «Азаттыкка» ырастады.

Маалыматка ылайык, агенттиктин мурунку башчысы өз каалоосу менен жумушун тапшыргандыктан анын орду бош турган. 21-августта шаар мэри Абдималик Тагаевди арызынын негизинде башчылыкка бекитти.

Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги шаардагы ички машруттук каттамдарды көзөмөлдөйт. 52 жаштагы Абдумалик Тагаев буга чейин шаар мэриясына караштуу соода департаментинин башчысы, андан кийин “Жалал-Абад-Тазалык” ишканасында жооптуу адис болуп иштеп турган.

Тагаевдердин дагы башка бир тууганы Абибилла Тагаевди “Газпром-Кыргызстан” компаниясы куруп берген шаардагы ден соолукту чыңдоочу жайга жетекчилик кылат. Ал учурда президенттин иниси Асылбек Жээнбековдун кудасы экени белгилүү.

Мэр бир тууганын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» мыйзамынын 44-беренесине («Шаар мэринин ыйгарым укуктары») ылайык дайындаган.

Булак: “Азаттык”

Сүрөттө: Мураталы Тагаев

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты