​Бишкектин климатынын көйгөйлөрү. Шаардын “боору” күндөн күнгө кантип бузулуп жатат?

“Бишкекте адамдардын жашоосуна болгон шарт жылдан жылга начарлап бара жатат: жайында абанын температурасы жогору, кышында шаардын үстүн ыш каптап турат, жолду кеңейтебиз деп жыл сайын бак-дарактар кыйылууда, суугаруучу системанын жоктугу жана башка факторлор экологиянын глобалдык көйгөйлөрүн пайда кылып, борбордогу микроклитматты түзүп жатат”, — деп түшүндүрөт “Инициатива Арча” коомдук фондунун жетекчиси, эколог Дмитрий Ветошкин.

Бул макаланын түп нускарсы Cabar.asia аналитикалык порталында жарыяланган.

— CABAR.asia: Мурда Бишкек эң жашыл шаарлардын бири катары белгилүү болчу, азыр бул боюнча жагдай кандай?

— Бишкек жөндөн жөн эле минтип аталып калган эмес. Борборду комфорттуу жашоого такыр шарты жок талаалардын жана жарым чөлдүн үстүнө курушкан. Бул үчүн атайын Украинанын эң мыкты архитекторлору жана Орусиянын биологдору тартылган.

Сүрөттө: Фетисов питомниги, Пишпек 1886-ж

1874-жылы шаарга мыкты ботаник Алексей Михайлович Фетисов келип, биринчи токой-техникалык академиясын түзгөн. Анын окуучулары алгачкы бактарды отургузуп, азыр ошолордун жардамы менен шаарда Дубовый паркы, Жаштар паркы, Карагач капчыгайы сыяктуу жашыл парктар бар.

1938-жылы Ботаникалык бак түзүлүп, илимий кызматкерлер бул районго жат болгон өсүмдүктөрдү тигүү боюнча чоң иштерди жасашкан. Көп мээнетти талап кылган бул иштер кала берсе согуш жылдарында дагы улантылып турган. Илимий кызматкерлердин жана муниципалдык кызматтагылардын жардамы менен “жашыл шаар” статусуна ээ болгон. Ал эми борбордун көчөлөрү бардык шаардан шамал айланган терезелер катары саналчу.

1980-жылы жашыл бак-дарактарды инвентаризациядан өткөргөндө бир шаар тургунуна 35 чарчы метр жашыл бак туш келген, норма боюнча 21 чарчы метр болушу керек болчу. Бүгүнкү күндө бул сан он эсеге кыскарып киши башына 3,5 чарчы метрге туура келип жатат, бул адамды тышкы факторлордон коргоо үчүн жетишсиздик кылат. Биздин баабызда эгерде шаардагы жашыл аймактардын баарын кошкондо болгону 7%ы гана жашыл дарактар бар жерлер болуп саналат. Салыштыруу үчүн айта кете турган болсок, мурда жашыл бак-дарактар өскөн жерлер шаардын 60%ын түзчү. Кайсы бир убакта Бишкек тоонун абасы айланып турган салкын шаар болуп саналчу. Азыр болсо өтө ысык, температура кескин түрдө өзгөрүп турат, чаңдын концентрациясы жогору жана башка. Машинелер көбөйдү, чөптөр өспөгөн жер кыртышы көп – мындай жерлер чаңдын булагы болуп саналат. Кандай шамал болбосун бул чаңдарды өйдө көздөй сапырат.

Сүрөттө: Эркиндик бульвары

Абанын булганышы көптөн бери эле норманын чегинен чыгып кеткен, айрыкча кышында жылуулук үчүн сапатсыз материалдарды жакканда (резина, кебез, пластик), аны менен катар машиненин көптүгү – дем алуу үчүн кооптуу жагдайды жаратууда.

Дагы бир көйгөйлүү фактор бар: ичүүчү сууга хлордун кошулушу. Хлор – уу экени маалым, ал эми хлорлоо айла жоктон жасалган чара болуп жатат. Суу тармагына таптаза артезиан суусу келип түшөт, бирок суу түтүктөрүнүн эскилигинен улам аны хлорлоого туура келет. Жолдон кандайдыр бир инфекция кошулуп кетпеши үчүн акыркы колдоонуучуга бул суу хлорлонуп жетет.

— Айлана-чөйрөнүн булганышы боюнча нормадан качан чыгып кеттик жана бул Бишкекке кандай таасирин тийгизип жатат?

— Европалык стандарттарга туура келбей, колдонууга тыюу салынган эски машинелердин бизге көп келип, көбөйүп жатканынан улам нормалар жылдан жылга бузулуп жатат. Жакында эле машинелерге болгон милдеттүү түрдөгү техникалык көзөмөлдү алып салышты, мындан улам машинелер кандай кыймылдаткыч менен жүрүп атмосфераны кантип булгап жатканы түшүнүксүз болуп калды. Бул автомобилдер үчүн муниципалитет жашыл дарактарды кыюу жолу менен жолдорду кеңейтип жатат, ошол эле учурда коомдук транспортту өнүктүрүшкөн жок.

Жылдан жылга борбордогу аба булганып, микроклимат начарлап, өсүмдүктөр өстүрүлбөгөн аянттар көбөйгөндөн көбөйүп бара жатат.Бул жылы суугаруучу системалар калыбына келтирилгенине карабай, шаар кургактыктан какырап турат. Массалык маалымат каражаттарында болсо шаар таза болуп жакшырып жатат деген маалыматтык кампания жүрүүдө. Экологиялык көз караш менен айтканда, булгангандан булганып бара жатат, туура, аны кооздоп жатышат, татынакай болуп калды десек болот, бирок саламаттыгы сак эмес.

Бишкек күндөн күнгө оорусу күчөп жаткан оорукчан жаш баланы элестетип турат. Биз ага дарыларды берип, режимин сактап, тамактарды бергендин ордуна улам ар кандай асемдер менен кооздоп, бантиктерди тагып жатабыз. Мындан бала айыгып кетпейт да.

— Көчөлөрдөгү таштанды жана машинелердин көптүгүнөн башка айлана-чөйрөнү дагы эмне булгайт?

— Булгануунун эң аз көңүл бурулган түрү – бул чаң басуу. Ал эмненин эсебинен пайда болот:

  • Шаардын көп аймактарында өсүмдүктөр азайып, топурактын эрозиясы жүрүп жатат жана чаңдын баары абага көтөрүлүүдө;
  • Транспорттун жыштыктары көзөмөлдөнбөйт;
  • Жаңы конуштардан келе жаткан автомобилдер шаарга кирип жатканда жуулуп, анан кириши керек;
  • Жаңы конуштардагы жеке секторлорду жылытуу үчүн таза электр энергиясын колдонуунун ордуна сапатсыз отундардын жагылып жатканы;

Ошол эле учурда Бишкекте электр энергиясы менен жылытуу үчүн шарт түзүлгөн эмес. Бул эң таза энергия булагы болуп саналат. Эл үйлөрүн калдыктар жана көмүр менен жылытууга мажбур, бул дагы атмосферага уу бөлүп чыгарат.

Кийинки түрү – жарыктык булгануу. Шаарда парктардан жана сейил бактарынан турган табигый комплекс бар. Дарактарга курттардын зыян келтирип жатканы, аларды жеп, популяцияны жөнгө салып турган канаттуулар жана жырткыч курт-кумурскалар өстүрүлбөйт. Жарык жеткирилген тилкелер суткалык режимди бузат. Бир жагынан алганда свет – бул жарык булагы болуп коопсуздукту камсыз кылат, экинчи жагынан алганда светайрым канаттуулар менен курт-кумурскалардын жашоо-шартына тоскоол боло турган энергия булагы болуп саналат, анткени, алар жарыкта көбөйө алышпайт. Алардын популяциясын калыбына келтирүү үчүн айрым жашыл аймактарда суткалык режимди сактоо керек.

Ызы-чуулук булгануу, бул нервдик системага абдан катуу таасир этет. Шаардагы ызы-чуу дагы деле дарактардын, бадалдардын жоктугуна байланыштуу. Мындан адамдар гана эмес бардык тирүү организмдер жапа чегип келет.

— Кескин чара көрүш керек болуп кабыргасынан турган кайсы көйгөйлөрдү атай аласыз?

— Жашыл бак-дарактардын функциясы – бул кычкылтекти бөлүп чыгаруу гана эмес, микроклиматты түзүү, температураны жөнгө салуу, абаны ар кандай уулуу заттардан, физикалык жана химиялык булгоочулардан коргоо, тагыраак айтканда, шаарда жагымдуу шартты түзүп коопсуздукту камсыздоо болуп саналат. Дарактардан башка азырынча сырткы булгануулардан коргой турган техникалык жактан алганда башка чара жок. Менимче, суугаруунун ар кандай системаларын киргизсе жайкысын шаар коопсузураак болот:

  • Топуракты сууга кандыруу үчүн ар кайсы жерлерде техникалык скважиналардын эсебинен тамчылатып суугаруу;
  • Жабык түрү –түтүктөр аркылуу суугаруу;
  • Ачык түрү – арыктар аркылуу, же фонтандык системалар аркылуу. Мындай ыкма абаны гана салкындатпай, өсүмдүктөрдү суугарып, нымдуулукту бөлүп чыгарат, муну менен борбордогу микроклиматты жөнгө салат.

Мурда Бишкек арык системалары жана фонтандары менен мактанчу. Азыр ошолорду калыбына келтирип, суу ачык аккан жерлерди көбөйтүү зарыл, бул абаны нымдап турат.

— Дарактар, сиз айткандай, шаардын “боору” катары абаны тазалап, бизди коргоп турат. Анан алар дагы коргоого муктаж да. Сырткы факторлор жашыл бак-дарактарга кандай таасирин тийгизип жатат? Биз аларды кантип коргой алабыз?

— Шаарды жашылдандыруу боюнча эстетикалык жактан эле эмес, экологиялык жана илимий жактан эсептелген комплекстүү иштерди жасоо керек. Өсүмдүктөргө жакшы шарт түзүп берүү үчүн сабаттуу жасалган сугат системасын иштеп чыгуу зарыл. Аларды кароо боюнча комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүп турушу керек: формасына келтирүү, санитардык бутоо ж.б. Бак-дарактар отургузулган жерлерге асфальттын төшөлүшү алардын тамырларынын дем ала албай, бара-бара чирип, кулап түшүүсүнө алып келет. Аны менен катар, шаарда отургузула турган көчөттөрдүн жергиликтүү түрлөрүн өстүрө турган чарбаны өнүктүрүү зарыл. Гареев атындагы ботаникалык бакта уруктарды сактаган банк бар. Чындыгында бул жерде биз шаарды эл үчүн өнүктүрүп жатабызбы же машинелер үчүнбү деген чечим кабыл алынышы керек.

— Экологиялык көйгөйлөрдү чечүүнүн кандай жолдору бар? Эгерде биздин өлкөдө бул боюнча жылыштар башталса, анда болжол менен кайсы жылдары борбор шаарда коопсуз жашоо үчүн нормалар калыбына келет?

— Кышкысын, коопсуздукту камсыз кылуу үчүн, электрдик подстанцияларды өнүктүрүү зарыл, мисалы, күн батареяларын колдонуу.

Комплекстүү чара катары транспортту айтсак болот. Маршруткалар – бул биздин борбор үчүн уят көрүнүш. Адамдарды жаныбар катары ташыбаш керек. Коомдук транспортто жагымдуу жагдай түзүлүшү абзел, анткени Бишкектин тургундары автосүйүүчү болбосо дагы коомдук транспорттогу шарттын жоктугунан улам машинелерге отурууга аргасыз болушат.

Жөө жүргүнчүлөр, велосипедчендер үчүн инфраструктура жакшырышы керек. Бишкек чакан шаар, бул жерде велосипед, электрдик самокат менен же жөө жүрсө деле болот. Мындай кичинекей чаралар менен биз шаардагы машинелердин тыгынын жана абанын булганышын чечсек болот, бул көйгөйлөрдү жолдорду кеңейтүү менен эле чече албайбыз.

Аны менен катар жашыл бак-дарактарды коргоо жана өстүрүү үчүн атайын механизмдерди киргизүү керек. Коргоо дегенде, бир даракты кыюу үчүн ордуна бир канча дарак тигүү компенсациясын киргизүү зарыл, анткени, шаардагы дарактарды кыйып келишкен, кыйып жатышат жана мындан ары дагы кыя беришет.

Шаардагы инфраструктуранын өсүүсү дайыма жашыл дарактарды кыюу менен жүрүп келе жатат. Дарактарды кыюуунун жеңил механизми бар, алар тыйын турат, даракты кыюу үчүн 5 000 сомдон 7 000 сомго чейин эле төлөнөт, ал эми көчөттүн баасы 9 000 сом. Демек, куруучу компания оңой эле дарактарды кыйып салат. Бул дарактардын компенсациялык баасы туура эмес эсептелинет дегенди түшүндүрөт. Экологдордун көз карашы менен бир даракты кыйсаң ордуна 210 көчөт тигишиң керек, себеби анын ар бир жалбырагы шаарды коргоп турат. Минималдуу шарт тууралуу айтканда, дарак көлөкө кылып турат, бул көлөкөнү сактоо үчүн 36 көчөт отургузулушу керек. Орто эсеп менен алганда, бир көчөт 9090 сом турса, анда толук кандуу бир дарак 2 миллион сом болушу керек болчу. Көчөттөр кандайдыр бир формага келиши үчүн жок дегенде беш жыл убакыт талап кылынат. Ал эми көчөт отургузулгандан кийин 20-30 жылдан кийин гана толук кандуу дарак болуп чыга келет. Бүгүн мына ушундай комплекстүү жашылдандыруу иштери башталганда гана беш жылдан кийин биз коопсуз шаарда жашап жатабыз десек болот.

Жагымдуу шарттын түзүлүп калуу мезгили качан жана кандай механизмдердин киргизилеринен көз каранды. Жөө жүргүнчүлөр басуучу жолду бир жылда калыбына келтирсе болот. Жеке секторлорго электрдик жылытууну киргизүү үчүн ресурстар жана саясий эрк жетиштүү болсо бир жыл убакыт керектелет.

— Азыркы экологиялык кырдаалды эске алганда, алдыдагы беш-он жылга кандай прогноз берер элеңиз?

— Шаардагы бүгүнкү экологиялык кырдаалды эске алганда мындан дагы начарлайт, себеби, климат глобалдык түрдө өзгөрүп, мөңгүлөр ээрип, таза суунун тартыштыгына алып келип жатат. Азыртан баштап сууну үнөмдөп-сактоочу технологияларды киргизүүнү баштоо зарыл.

Эгерде азыркыдай, жеке секторлор менен кичирайондордо сугат иштери үчүн таза сууну колдонсок, биз арык системаларын жоготуп, глобалдык көйгөйлөрдү жакындатабыз.

Ичүүчү суу – калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогон артезиандык запас экенин эске алуу керек.

Дарагы жок климат катуу, кургак болот: температура жогорулап, нымдуулук азаят. Эгерде азыр экологиялык жактан негизделген жашылдандыруу иштери туруктуу жүргүзүлүп баштабаса, кийинчерээк мындан дагы кыйын болуп калат.

Эгерде азыркыдай жашылдандыруу иштерине каражаттар эффективдүү эмес пайдаланыла берсе, экологдор эффективдүү пайдаланылбай жатат деп эсептейт, биз мындан дагы жаман көйгөйлөрдү пайда кылабыз. Бишкектин топурагы деградацияга туш болуп, отургузулган көчөттөрдүн көктөп кетиши жылдан жылга кыйындайт. Отургузулган гүлдөргө, чакадагы гүлдөргө кеткен каражаттар асманга кетип жатат.

“Жашыл курулуш” деген термин бар. Биз шаарда микроклиматты түзүү үчүн мына ушул жашыл курулушту киргизишибиз керек, жерге жашыл бак-дарактарды, бадалдарды тигип. Мындай курулуш менен биз борборго жагымдуу шартты кайтарып 5 жылдан кийин “жашыл шаар” статусуна кайтып келебиз.

Бермет Насирова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты