​Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражат мектеп курууга жумшалууда

  • 5 лет мурун

Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айылындагы орто мектепте жана Бишкек шаарындагы № 12 мектеп-гимназиясында коррупцияга каршы күрөш боюнча Бирдиктүү депозиттик эсептин каражаттарынын эсебинен жаңы корпустар курулат.

Бүгүн, 27-августта, Президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен аталган мектептерде жаңы корпустарды курууга капсула салуу аземи болуп өттү.

Иш-чараларга жергиликтүү тургундар, мугалимдер, куруучулар катышты.

Сокулук районунун Орок айылында мамлекет башчы айылдыктар жана мугалимдер менен баарлашты.

«Кийин бирдиктүү депозиттик эсептин каражаттарын бала бакчаларды салууга жумшайбыз» деп айтты мамлекет башчы.

Сокулук районунун Орок айылында сабактар үч мөөнөттө өтүүдө, кошумча корпустун курулушуна ɵтɵ муктаж. Эки кабаттуу кошумча курулуш корпусу мектептин кубаттуулугун 500 окуучу орунга чейин жогорулатат.

Бишкек шаарынын № 12 мектеп-гимназиясы дагы окуу имаратын кеңейтүүгө абдан муктаж. Жалпы билим берүүчү мекеменин үч кабаттуу корпусу 385 орунга ылайыкталат. Курулуш иштерин 2020-жылы бүтүрүү пландалууда.

Эске салсак, коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасында түшкөн каражаттар үчүн Бирдиктүү депозиттик эсеп 2018-жылдын июнь айында ачылган.

Мамлекет башчы борбор калаадагы мектептерге барганда коррупция менен күрөшүүдөн атайын эсепке түшкөн каражаттар жаңы мектептерди же алардын имараттарына кошумча корпустарды курууга багытталарын белгилеген.

Жүргүзүлгөн мониторингдин натыйжасында Билим берүү жана илим министрлиги 2019-жылга карата республика боюнча курулуш иштери башталчу 15 мектептин тизмесин түздү.

Алардын жетөө — Бишкек шаарында, жетөө — Чүй облусунда жана бирөө — Ош шаарында.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты