​Кайрат Нурпеисов Казакстандын Кыргызстандагы элчиси болуп дайындалды

  • 5 лет мурун

Кайрат Нурпеисов Казакстандын Кыргызстандагы элчиси болуп дайындалды.

Бул тууралуу Акордо басма сөз кызматына таянып, МИА «Казинформ» жазды.

Ал эми Карим Кокрекбаев Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин указы менен Казакстандын Кыргызстандагы элчиси кызматынан бошотулду.

Кайрат Нурпеисов 1957-жылы Павлодар облусунда туулган. Павлодардагы педагогикалык институтту, Алма-Атадагы эл чарба институтун аяктаган.

Ал энергетика, индустрия жана соода вице-министри, президенттик администрациясынын жетекчисинин орун басары, президенттин парламенттеги өкүлчүлүгүнүн башчысы кызматтарында иштеген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты