Казакстан: Арыстагы жарылуу боюнча аскер бөлүгүнүн жетекчилери кармалды

  • 5 лет мурун

Казакстандын Арыс шаарындагы курал-жарак сактаган кампада өрт чыккан аскердик бөлүктүн командири менен анын орун басары кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, кармалган жарандар «жарылуучу заттарды колдонуу эрежелерин бузуу» жана «оор кесепеттерге алып келген шалакылык» беренелери боюнча шектелип жатышат. Сот аларды эки айга камакка алуу бөгөт чарасын белгиледи.

Арыста 24-июнда ок-дары сакталган кампа жарылып, расмий маалымат боюнча төрт киши мерт болгон. Анын экөө аскер адамы, экөөсү карапайым тургун.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, жарылуудан улам шаардагы үйлөрдүн 85 пайызы зыянга учурап, 20дан ашыгы өрттөнүп кеткен.

Өкмөттөн шаарды калыбына келтирүү үчүн 56,1 миллиард теңге (144,7 миллион доллар) бөлүнө турганын билдиришкен.

Акыркы он жылдын ичинде Арыс шаарында жайгашкан аскердик объектилерде төрт жолу ок-дары жарылып, бир нече адамдын өмүрү кыйылды.

Июндагы жарылуудан кийин өлкөнүн Коргоо министрлиги Арыстагы ок-дарылар «калктуу конуштардан алыс», «коопсуз жерге» чыгарыла турганын билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты