​Сапар Исаков ден соолугуна байланыштуу сотко катыша албайт

  • 5 лет мурун

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков ден соолугуна байланыштуу соттук териштирүүгө катыша албайт.

Бул тууралуу анын жактооочусу Нурбек Токтакунов билдирди.

Жактоочунун айтымында, Сапар Исаков ооруканада врачтардын көзөмөлүндө болууда. Ошондуктан Исаков соттук териштирүүгө катыша албайт.

Сапар Исаков 16-августта ооруканага которулган.

ЖЭБ модернизациясы боюнча мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, “Энергохолдинг” компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов, ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жана экс-финансы министри Ольга Лаврова айыпталууда.

Мурдагы премьер Сапар Исаков ошондой эле Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга шектелип камалган.

Сапар Исаков бул айыптоону саясий куугунтук катары эсептейт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты