​Бишкекте социалдык талон менен жеке бала бакча акысына 50 пайыз жеңилдик берилет

  • 5 лет мурун

Баланын ата-энесине социалдык талон берилип, аны менен жеке бала бакча акысы 50% дан кем болбошу керек.

Бишкек шаарында сыноо мезгили аяктагандан кийин, 2020-жылдан баштап программаны башка шаарларда дагы иштетүү пландалууда.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

Бааны аныктоо үчүн Бишкек жана Ош шаарларындагы жеке менчик бала бакчаларга кошумча мониторинг жүргүзүлгөнү белгиленет.

Билим берүү жана илим министрлиги 12 арыздын ичинен социалдык буюртма аткара турган тогуз бала бакчаны тандап алды. Алар:

  • “Капелька счастья”, Дэн Сяопин пр, 551;
  • “Бекхан”, Токмок көчөсү, 65;
  • “Карлсон”, Восточная көчөсү, 64;
  • “Балдар ааламы”, Л.Толстой көчөсү, 97а;
  • “Герман Гмайнер окуу-тарбиялоочу SOS” мекемеси, А.Токтоналиев, көчөсү, 137а;
  • “«Кенгурёнок» мектепке чейин билим берүү жана тарбиялоо борбору” ЖЧК, Бакаев көчөсү, 141;
  • “Бала бакча-наристе “Нур Бала” ЖЧК, 7-кичи район, 23/4а;
  • “В гостях у Пеппи длинный чулок” мекемеси, Осипенко көчөсү, 38;
  • “Слоненок” ЖЧК, Армейская көчөсү 10/3.

Бала бакчалар жалпысынан 300 орун берет.

Ата-энелер баласы үчүн ыңгайлуу болгон бала бакчаны тандаса болот.

Учурда жарандардан каалаган жеке бала бакчасына социалдык талон алуу үчүн билдирмелер кабыл алынууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты