Бишкекте «Кант» авиабазасынын футбол командасы артисттер менен беттешти

  • 5 лет мурун

Бишкекте ЖККУнун «Кант» авиабазасынын футбол командасы Кыргызстандын эстрада, театр жана кино жылдыздары менен беттешти.

Мелдеш Россиянын мамлекеттик желегинин күнүнө карата уюштурулган. Командалар Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын оюн талаасында жолугушту.

Биринчи таймда кыргызстандыктарга ийгилик жылмайып, эсеп 2:0 болду. Тыныгуудан кийин жоокерлер дарбазага эки топ киргизген. Бирок ошол эле учурда атамекендик жылдыздар каршылаштарынын дарбазасына үч гол тепкен. Жыйынтыгында беттеште 5:2 эсебинде «Арт-футбол» командасы утуп, өнөрпоздор Россиянын илим жана маданият борборунун кубогуна ээ болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты