«Апрель” телеканалынын жетекчиси прокуратурага сурак берип чыкты

  • 5 лет мурун

“Апрель” телеканалынын жетекчиси Дмитрий Ложников прокуратурага сурак берип чыкты.

Анын айтымында, атайын прокуратурага бир саатка жакын сурак берген. Ал маалыматты тышка чыгарбоо боюнча тилкат бергенине байланыштуу кайсы иш боюнча суракка чакырылганын айта албасын билдирди.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге таандык экени айтылган “Апрель” каналынын жетекчиси Ложников буга чейин 7-8-августтагы окуялар боюнча ИИМге сурак берген.

Бүгүн, 23-августта Кой-Таштагы окуя боюнча жарандык активист, Кыргызстан Социал-демократтар партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов да сурак берип чыкты. Турдукулов “Азаттыкка” кабарлагандай, 7-8-августтагы окуялар боюнча күбө катары тергөөчүлөрдүн суроосуна жооп берген.

Ички иштер министрлиги Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу саясий эксперт, өкмөт алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр институтунун мурдагы директору Валентин Богатырев да суралганын кабарлады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты